Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Германия, Франция еврозонада тартипти күчөтөт


Франция жана Германия сентябрда финансылык операциялардан салык алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана экономикалык саясатты чогуу жүргүзөт. Бул чара борч кризиси тереңдеп бараткан Европа өлкөлөрүнө эл аралык капиталдын ишенимин бекемдөөнү көздөйт. Бул тууралуу Франция президенти Николя Саркози 16-августта Парижде Германия канцлери Ангела Меркел менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында билдирди:

- Бул сунуштардын биринчиси еврозонада ишенимдүү экономикалык өкмөт түзүү. Бул экономикалык өкмөт евроөлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен өкмөт башчыларынын кеңешинен турат. Ал жылына эки жолу, зарыл болсо андан да көбүрөөк чогулат. Ал эки жарым жылдык мөөнөткө президент шайлайт.

Саркози жаңы мекеменин жетекчилигине Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Херман Ван Ромпейди сунуш кылды. Саркози жана Меркел айым 17 өлкөнү камтыган евромейкиндикте фискалдык тартипти бекемдөөгө жана бюджетти баланстуу кармоо үчүн евроөлкөлөрдү Конституцияга тийиштүү берене киргизүүгө да чакырышты.

XS
SM
MD
LG