Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Британиялык фейсбукчу жигиттер 4 жылдан кесилди


Өткөн аптада Англиянын түндүгүндө болгон тополоң учурунда Facebook социалдык тармагын элди бузукулукка чакыруу үчүн пайдаланган эки жигитти сот төрт жылдан эркинен ажыратты. Бийликтин айтымында, 21 жаштагы Жордан Блэкшоу жана 22 жаштагы Перри Сатклифф-Кинан калкты Нортуич жана Уорингтон шаарларында талап-тоноолорго Фейсбук аркылуу чакырган. Лондон жана башка чоң шаарларды төрт күн бою астын-үстүн кылган талап-тоноолор, өрттөөлөр маалында 5 киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG