Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Грузиянын мурдагы министри депутаттар менен жолугушту


Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин төрага орун басары Асылбек Жээнбеков баштаган бир катар депутаттар Грузиянын Экономикалык жана түзүмдүк реформалар боюнча мурдагы министри Каха Бендукидзе менен жолугушту.

Жолугушуу маалында Бендукидзе өз өлкөсүндөгү реформалар боюнча кеп салды.

“Көп адистер реформалар ийгиликтүү болду деп эсептешет, бирок баары эле жеңил болгон жок, дагы да болсо чече турган маселелер бар”, – деди Каха Бендукидзе. Ал реформалар ириде адам факторуна байланыштуу болорун белгиледи.

Жолугушууга депутаттар Роза Акназарова, Равшан Жээнбеков, Акылбек Жапаров, Дастан Бекешов, Данияр Тербишалиев катышып,
Грузиядагы социалдык-экономикалык реформалар туурасында суроолорун узатышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты. (EK)

XS
SM
MD
LG