Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Украина: Ющенко Тимошенкого каршы көрсөтмө берди


Виктор Ющенко менен Юлия Тимошенко, 2007-жыл.
Виктор Ющенко менен Юлия Тимошенко, 2007-жыл.

Украинада мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун үстүнөн жүрүп жаткан сот уланды. 17-августтагы жараянга мурдагы президент Виктор Ющенко да келип, саргылт ыңкылап боюнча саясий өнөктөшүнө каршы көрсөтмө берди.

Азыркы президент Януковичтин да саясий атаандашы катары саналган Тимошенко Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда.

Киевдин Печерск райондук сотуна келген учурунда Украинанын мурдагы президенти Виктор Ющенкону Тимошенконун сот алдына чогулган жактоочулары “шерменде” деген кыйкырыктар менен тосуп алышса, соттон кетип жаткан айрымдары ага жумуртка ыргытышкан.

Ющенко көрсөтмөсүндө Тимошенко 2009-жылдын январында премьер-министр катары Орусия менен түзгөн газ келишимине токтолуп, анда Москвадан кайтып келген өкмөт башчы көгүлтүр оттун так баасын атай албаганын эске салды.

Ющенко сотто көрсөтмө бергенден кийин. Киев, 17-август.
Ющенко белгилегендей, адегенде Орусия Украинага жөндүү бааны сунуш кылган, бирок Тимошенко ал сунушту четке кагып, кийин бир топ жогорулатылган бааны кабыл алууга аргасыз болгон.

“Анда сүйлөшүүлөр толугу менен бузулган” деген Ющенко өзүндө президент катары премьер-министрдин газ келишимине кол коюшуна жол бербегидей бийлиги болбогонун айтты.

Ющенконун ырастоосунда, Тимошенко газды абдан кымбат баада алууга көнгөн, муну "саясий жүйө менен гана түшүндүрүүгө болот".

Ошентип 2004-жылкы “саргылт ыңкылапта” Тимошенко менен саясий өнөктөш катары бир командада иштешкен Виктор Ющенко сотто ага каршы көрсөтмө берди. Андагы талаштуу шайлоодо алар азыркы президент Януковичти жеңүүгө жетишкен эле.

Тимошенко 2005-2010-жылдары Ющенконун тушунда эки ирет премьер-министр болгон. Бирок кайра эле жылдыздары келишпей калышып, 2010-жылы атаандаштык күчтүү болгон шайлоодо Ющенкого экөө тең өз-өзүнчө каршы чыгышкан. Айрымдар мына ушул жагдай Януковичтин президенттик кызматка шайлануусуна жардам берген деп эсептешет.

Тимошенконун жактоочулары соттун сыртында. Киев, 17-август.
Тимошенконун соту Украинанын өзүндө эки ача пикирлерди жаратты. "Саргылт ыңкылаптын" лидерлеринин биринин жактоочулары бул үчүн түздөн-түз эле азыркы президентти айыпташат.

Алардын пикиринде, Янукович бул сотту Тимошенконун саясий ишмердигин чектөө үчүн пайдаланууда.

Тимошенконун Светлана ысымдуу жактоочусу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мен сотко күн сайын өзүм үчүн келүүдөмүн. Эгер Тимошенко кесилсе, биз баарыбыз кесилген болобуз. Мен бул жерге эркиндик, өзүмдүн эркиндигим үчүн келүүдөмүн.

Эгер сот тарабынан күнөөлүү деп табылса, Тимошенко украин мыйзамдары боюнча он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Украин коомунда Тимошенко жазаланууга тийиш деп эсептегендер да жок эмес. Киевдин Людмила ысымдуу тургуну:

- Юлия Тимошенко өз кадамдары, кылмыштары үчүн украин эли алдында, мамлекет алдында жооп бериши керек. Мамлекет үчүн кредит алып, эл алдында түшүндүрмө бербөө, бул – биринчи кылмыш.

Тимошенко 5-августтан бери камакта отурат. Андыктан ал сотко түрмөдөн алынып келинди. Буга чейин ишти карап жаткан судья мурдагы премьер-министрдин досторунун жана жакындарын аны абактан күрөө менен бошотуу өтүнүчүн жетинчи жолу четке какты. Акыркы болуп мындай өтүнүчтү сотко 16-августка Тимошенконун кызы жолдогон эле.

АКШ жана Евробиримдик Тимошенконун сотун айыптап, ал оппозициячыл саясатчыны куугунтуктагандай таасир калтырып жатканын белгилешкен. Сот эл аралык коомчулуктун көңүлүн келерки айда Украина көз карандысыздыгынын жыйырма жылдыгын майрамдаганда да бурчудай.

Ушул аптада түрмөдөн жазган макаласында мурдагы премьер-министр чет өлкөлүк державаларга Украинада “оппозиция куугунтукталып жатканына” жасаган реакциясы үчүн ыраазылык билдирди. Тимошенконун пикиринде, азыр Украина эмес, “Янукович жана анын кланы” эл аралык изоляциянын босогосунда турат.

Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы

2004-жылы Украинадагы “саргылтым ыңкылап” В.Ющенкону президенттик такка алып келген. Бийлик үчүн кармаш анын оң колу эсептелген Ю.Тимошенкону элдешкис каршылашына айлантты. Назарыңыздарда режиссер Дамиан Колодийдин даректүү тасмасынан үзүндү. ZMa

Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG