Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Президент кыйноолорго бөгөт коюу керектигин айтты


Кыргызстанда абактардагы кыйноолор 7 айдын ичинде эле 34кө жетти. Бул сан өткөн жылдагыдан эки эсеге көп. Бул тууралуу президент Роза Отунбаева Ошто жүргөндө билдирди. Өлкө башчысы муну токтотуу үчун абактарга видеокөзөмөл киргизилерин кабарлады.

Өлкө башчысы Роза Отунбаева Ошто шаардык кеңештин депутаттары менен жолугуп, тартип коргоо органдары тарабынан көрсөтүлчү кыйноолорго карата чараларды катаалдаштыруу демилгесин көтөрдү:

- Башкы прокурордун буйругунун негизинде эми жергиликтүү прокурорлор ар бир күнү ишине баратып да, ишинен келатып да абактардан, убактылуу кармоочу жайлардан кабар алып туруш керек. Жакын арада камактарда видеобайкоо да орнотолу деп жатабыз. Анткени камактагы кыйноо милицияларга жөнөкөй гана иш болуп калды.

Кыйноо фактылары боюнча былтыр 34 кылмыш иши козголгон. Отунбаеванын айтымында, быйыл 7 ай ичинде эле катталган кыйноо фактыларынын саны ушунчага жетти. Андыктан бул маселе азыр көңүл борборунда турганын айтат өлкө башчысы:

- Абактардагы кыйноо азыр абдан курч болуп кетти. Биздин да көңүл борборубузда турат. Бул боюнча мага конкреттүү фактылар келип атат. Алдын алуу боюнча иштерди жасап жатабыз. Бирок акыркы факт – Базар-Коргон РИИБинде Орусия жараны У.Халмирзаев аттуу адамдын өлүмү бизди көп кабатыр кылууда.

Жыйында өлкө башчысы мыйзамсыз камакка алууларды да кескин сынга алды. “Бул тенденциянын көбөйүшү аймакта кырдаалдын жөнгө салынышына да тоскоол болууда” дейт Отунбаева:

- Ош жана Жалал-Абадда болгон кандуу окуялар боюнча 5 миңге жакын кылмыш иштери козголгон. Эми гана азайып келе жатат. Ошонун айынан мыйзамсыз түрдө камакка алуу күчөп жатканы өкүндүрөт. Орусиядан келсе эле шектелген адам катары, тыгып кетип, жазалап, уруп-тепкилеген учурлар бар. Кээде күч органдары өздөрү да маңзат таштап коюп, кармап алган фактылар да жок эмес. Минтип отурсак Ошто кырдаал оңолбойт. Кайра ар кандай нерсени козутканга түрткү болуп калат, эч нерсени айыктыра албай калабыз.

Жолугушууда Шаардык кеңештин депутаты Каныбек Исаков бул маселелер жергиликтүү бийликтин деңгээлинде да каралып жатканына токтолуп, бирок ынтымакташууда иштер популизм менен гана чектелип келатканын белгиледи:

- Бизге адамдык мамилелер жетишпей жатат. Адамдардын бири-бирине болгон жылуу сөзү, ысык көз карашы, көңүлүндөгү жакшы ою менен жакшылык-жамандыкта бирге жүргөн деңгээлге жете албай жатабыз. Азыр коогалаң эмнеден чыкты эле, эмне себеп бар деген суроо менен эски жараны ырбатып, кайра козгогондон ашып кете албай турабыз. Эки элди кантип бириктиребиз, канткенде жашообуз эч нерсе болбогондой кетет деген ой баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп жатат. Бирок бул маселелердин баарын бир-эки иш аракет менен чектебей, комплекстүү карашыбыз керек.

Адвокаттар арызданды

Президент аймактагы укук коргоочулар жана адвокаттар менен да баарлашты. Оштогу “Юкадес” юридикалык борборунун жетекчиси Равшан Садиров былтыркы июнь окуясына байланышкан сот процесстеринин жүрүшү түрдүү чырлар менен коштолуп жатканын айтып, аны алдын алууда өлкө башчысынын өзгөчө көңүл буруусу керек экендигин билдирди:

- Азыр негизинен коогалаңга байланышкан соттор гана болуп жатат. Соттун жүрүшүндө эле бут кийими, бөтөлкө, таш-паштар менен урган учурлар бар. Аны ал жердеги сот да, же укук коргоо органы да кой дебейт.

Ал эми жергиликтүү актоочу Ыкбал Жолдошева адвокаттардын коопсуздугу такыр эле корголбой калганына токтолду:

- Көбүнчө мен айыпты “Ош шейиттери” коомдук уюмуна койот элем. Мен алардын кайгысын түшүнөм. Бирок кандай болгон күндө да сот керек, акыйкаттык керек, актоо керек да. Ар бир сот сайын чыр чыгарат. Кандай кылмыш болбосун бизди – адвокаттарды уруп-сабоодон да кайтпайт. Бизди тааныйт да, көчөдөн эле кармап алып уруп-тепкилеп коюп жатышат. Мен мисалы 2-3 жолу ооруканага жатып чыктым. Андан да жаманы – үйдөгү бала-чакама чейин коркутуп жатышат.

Президент Роза Отунбаева андан ары аймактагы абактардын жана убактылуу кармоочу жайлардын абалы менен таанышты.

3 күнгө созула турган иш сапарда өлкө башчысы коогалаңда жабыркагандардын абалы жана жаңы салынган үйлөрдөн кабар алмакчы.

Ал ортодо өлкө башчысынын аймактарды кыдыра башташын айрым талдоочулар келе жаткан шайлоо менен байланыштырууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG