Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Горбачев Орусияда шайлоо эркин өтпөгөнүн айтты


Советтер Союзунун акыркы лидери Михаил Горбачев орус өкмөтүн Орусияны арта жетелөөдө деп сындап, өлкө эркин шайлоого жана жаңы жетекчиликке муктаж деди:

"Адилет шайлоо керек. Шайлоо бир мандаттуу округдар боюнча өтүшү шарт, губернаторлор шайланыш керек. Эл бир нерсеге таасир эте аларын сезиши абзел, куру сөз менен алдоону токтотуу керек. Эч кимге пайдасы жок уюмдарды жана фронтторду ойлоп табышат."

Экс-президент 1991-жылы 19-августта ишке ашпай калган өкмөттүк төңкөрүштүн 20 жылдыгын утурлай өткөргөн маалымат жыйынында Владимир Путин башындагы “Бирдиктүү Орусия” партиясын КПССтин эң начар көчүрмөсү деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG