Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасынын маалымат катчысы Досназар Абдилазизов билдирди. Анын айтымында, майрам күндөрү чек ара кызматы адаттагыдай эле калыпта иштей берет. Күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтөөр-өтпөсү майрамга бир апта калган учурда так билинет.
Буга чейин Ички иштер министрлигинин өздүк курамы Эгемендик күнүн майрамдоого карата 16-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн режимде иштей турганы жарыяланган болчу. (AzK)
Буга чейин Ички иштер министрлигинин өздүк курамы Эгемендик күнүн майрамдоого карата 16-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн режимде иштей турганы жарыяланган болчу. (AzK)