Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Жапондор кыйраган аймактан табылган акчаны кайтарууда


Бийлик өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, жапондор быйыл марттагы жер титирөө менен топон суудан жабыр тарткан аймактан табылган 3,7 миллиард йен же 48 миллион доллар акчаны кайтарып беришкен. Мындан сырткары 2,3 миллиард йен катылган 5700 сейф да табылган.

Полиция өкүлүнүн айтымында, тургундар менен жеке адамдар урандылардан тазалган аймактардан табылган кутучаларды азыр деле полиция бекеттерине алып келүүнү улантууда.

Жапонияда быйыл 11-мартта болгон жер титирөөдөн жана аны коштогон топон суудан 16 миңдей кишинин өмүрү кыйылып, дагы жүз миңдеген киши үй-жайсыз калган.

XS
SM
MD
LG