Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Юлия Тимошенко түрмөнүн доктурларына ишенбейт


Абакта отурган Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко табышмактуу дартты айтып, медициналык текшерүүдөн өтүүгө уруксат сурады. Тимошенконун басма сөз кызматынын маалымдашынча, бейшемби күнкү сотто саясатчынын саламаттыгы начарлап кетип, cот жараянды дүйшөмбү күнгө жылдырган.

Адвокат Юрий Сухов сотко кайрылып, Тимошенкону өз дарыгери текшерүүсүн, экс-премьердин оорусунун симптомун түшүндүрүп болбосун билдирди. Саясатчы өзү түрмөнүн дарыгерлерине ишенбесин айтууда. Сот төрагасы Родион Кириев болсо Тимошенконун талабына ошол замат жооп бербей, ал мыйзамга ылайык текшерүүдөн өткөрүлөт деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG