Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Ооганстанда бомба чабуулунан 26 киши курман болду


18-августта Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында жолго коюлган эки бомба жарылып, 24 адамдын өмүрүн алды. 11 адам жарадар болду. Ооган бийликтеринин билдиришинче, набыт болгондордун ичинде аялдар менен наристе балдар да бар.

Ал эми Ооганстандын түштүк-чыгышында америкалыктардын аскерий шаарчасынын дарбазасы жанында жанкечти жардырган бомбадан эки ооган аскер курман болду. Пактия провинциясынын Гардез шаарындагы жанкечтинин чабуулу үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алды.

XS
SM
MD
LG