Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Мааракелерди утурлай атчандар жүрүшү башталды


Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгы жана Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата “Улуу биримдик жүрүшү” деп аталган атчандар жүрүшү башталды.

Мааракелерди өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциядан “Азаттыкка” билдиришкендей, бул жүрүшкө ар бир облустан 5-8 атчан адам катышып, алар 23-августта Таласта жолугушат.

Азыр ар бир облустан чыккан адамдар Таласка карай бет алышты. Облустардан келген атчандар 25-августта Таластан Бишкекке аттанышат. Манастын 40 чоросун эске салган бул адамдар 31-августтун таңында Бишкекке келишет. Бул жүрүш элди биримдикке жана мекенчилдикке үндөө максатында уюштурулууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG