Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

20-августта өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 20-августта Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34, Баткен аймагында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 25…30 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -3…+2 градус, күндүз 5…10 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 33…35 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG