Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Нарындык ишкерлер Үрүмчүдөгү көргөзмөгө катышат


Кытайдын Үрүмчү шаарында өтө турган көргөзмөгө Нарындагы 15 ишкана катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Нарын” Эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Гүлзат Абдрасулова билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көргөзмө Үрүмчү шаарында 1-сентябрдан 5-сентябрга созулат. Нарындык ишкерлер аймакта чыгарылган бал, дары чөптөр, шамдар жана кол өнөрчүлүк боюнча Кытайдагы инвесторлорго маалыматтар беришет. Бул көргөзмө майда ишканаларды өнүктүрүп, алардын инвесторлорду табышына көмөктөшөт. (ErB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG