Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Шайлоо: Үгүт иштери күн эрте башталгандай


Борбордук шайлоо комиссиясы айрым талапкерлер жана жалпыга маалымдоо каржаттары үгүт ишин эртелеп баштаганын айтып, эскертүү берди.

Ал аралыкта Бишкектин көчөлөрүндө кээ бир талапкерлерге таандык делген көрнөк-жарнактар да пайда болууда.

Байкоочулар алдыдагы шайлоодо үгүт жүргүзүүдө болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар орун аларын белгилешүүдө.

Шымаланган журналисттер

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымов талапкерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан мыйзам бузуулар орун алып жатканын айтууда.

- "Тиги же бул талапкерге добуш бергиле, тиги же бул талапкер татыктуу, тиги же бул ишти президент болуп калса, жасап берет" деген сыяктуу үгүт иштерин 25-сентябрдан кийин гана башташ керек.

Бирок кээ бир гезиттер талапкерлер менен маек куруп, ошол киши татыктуу деген маалыматтарды берип жатат. СМС билдирүүлөрдү жарыялап, бул татыктуу, бул татыктуу эмес деп, шайлоочуларга үгүт ишине окшогон маалыматтарды таратышууда.


Үгүт иштери эрте башталганы буга чейин да айтылган. Ашымов 22-августта коомчулукка расмий эскертүү берилген талапкерлер менен маалымат каражаттарынын тизмеси жарыяланарын кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссисия мыйзамды сактабаган маалымат каржаттарын үгүт ишин чагылдырууга тыюу салуу, ал эми президент болууну каалагандар мыйзамды бузса, алардын талапкерлигин алып салуу укугуна ээ экендигин да эскертишти.

ЖМК: баары мыйзам чегинде

“Форум” гезитинин 19-августтагы санына өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин бир апта мурда орусиялык “Росбалт” маалымат агенттигине курган маеги кыргыз тилинде жарыяланган.

“Форум” гезитинин башкы редактору Эрнис Балбаков талапкерлер тууралуу маалыматтар жарыяланганы менен мыйзам бузуулар болгон жок деп эсептейт.

- Президенттикке талапкерлерден маектерди алып жатабыз. Бирок ал жерде "мага добуш бергиле, мен бул ишти жасап берем" деген сыяктуу үгүттөөлөр жок. Мында алардын мурдагы иштери же болбосо ойлору боюнча эле бөлүшкөн пикирлери.

Ал аралыкта Бишкектин көчөлөрүнө кыйыр түрдөгү үгүт сыяктанган көлөмдүү көрнөк-жарнактар илинүүдө. Жакындан тарта, маселен, шаардыктар кызыл түстөгү матага түшүрүлгөн ураан-чакырыктарды, акыл насааттарды камтыган сөздөрдү учуратып калышты.

Аларда “Бүтүн” деген сөзгө басым коюлуп, “Жери түгөл жемиштүү өлкө, эли БҮТҮН бейиштүү өлкө”, “Таза бийлик - БҮТҮН өлкө” деген мазмундагы сөздөр жазылган. Бул ураандарды “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен байланыштыргандар да жок эмес.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, президенттикке аттанган Адахан Мадумаров ал жарнактарда эч кандай үгүт жок экенин билдирди.

- Кайсы жерден көрүп жатасың үгүт дегенди? Ал үгүт эмес, учкул сөздөр, макал-лакаптар. "Мен үчүн добуш бер" деп кыйкырганда үгүт болот.

“Айла алтоо, АКЫЛ жетөө”

Бишкектин көчөлөрүндө ошондой эле көк түстөгү матага “Айла алтоо, АКЫЛ жетөө”, “Душманды АКЫЛ жеңет”, “Баш АКЫЛ үчүн, АКЫЛман эл үчүн” деген насаат сөздөрдү, макал-лакаптарды камтыган бир нече жарнак илинип турат. Аларда атайылап, “АКЫЛ” деген сөзгө басым коюлгандай, бул да президенттикке аттанган талапкерлердин кимдир бирөөсүнө таандык эмеспи деп шекшигендер да жок эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашыров:

- Биздин колубузда тастыкталган далилдерибиз болуш керек. Андай бизде жок. Мисалы, “Ырыс алды ынтымак” деп, макалды жазып койот. “Муну сен жазгансың, ушул жерде баланчага кыйыр түрдө үгүт ишин жүргүзүп жатасың” деп айтуу үчүн колубузда далилдерибиз болуш керек.

Ал эми медиа эксперт Илим Карыпбеков алдыдагы шайлоодо талапкерлер тарабынан да, жалпыга маалымдоо каражаттары жактан да одоно мыйзам бузуулар болот деген ойдо.

- Бул шайлоо мурдагы шайлоолорго караганда, ЖМКлар жагынан, маалымат жагынан эң бир ыплас шайлоо болсо керек деп ойлойм. Былтыркы жылы да мынчалык болгон эмес. Себеби ал кезде жаңы гана апрель окуялары болгон, андан кийин июнь окуялары болуп кеткен.

Ошондой эле 19-августта “Прогресс” коомдук фонду президентикке талапкер Алмазбек Атамбаев административдик ресурсту колдонуп жатканын айтып, Борбордук шайлоо комиссиясына премьер-министрге чара көрүү талабын койду.

XS
SM
MD
LG