Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Жаңы окуу жылында китеп жетишсиз


2011-2012-жаңы окуу жылына карата Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын жарымынан көбү гана китеп менен камсыз болушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева билдирди:

“Учурда кыргыз тилдүү мектептер китеп менен 61 пайызга, орус тилдүү мектептер 59 пайызга, өзбек тилинде окуган мектептер 62,5 пайызга, тажик тилдүү мектептер 64 пайызга камсыз болушту”,-деди Жукеева.

Маалыматка ылайык, быйыл китептер үчүн өкмөттөн 200 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка кыргыз, орус, өзбек тилиндеги 48 аталыштагы китеп чыгаруу пландалууда. Бул китептердин жалпы тиражы 1 миллион 49 миң болмокчу.

Кыргызстанда 2197 орто билим берүү жайлары бар. Өлкөдөгү жалпы мектеп окуучуларынын саны 1 миллиондун тегерегинде. (KKs)

XS
SM
MD
LG