Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Бензинге киргизилген чектөө алына элек


Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, “Газпром” ишканасынын май бекеттеринде бензиндин Аи-95 үлгүсүнө болгон чектөөлөр уланууда. Өткөн аптада бензиндин бул түрүнө 20 литрдик чектөө киргизилип, бул жагдай Орусиядан келе турган бензиндин кечигип жатканы менен түшүндүрүлгөн. Акенеев билдиргендей, алдыңкы бир-эки күндүн ичинде Кыргызстанга күйүүчү май келип, чектөөлөр алынмакчы.

Июль айынын башында Орусиянын Омск мунай иштетүүчү ишканасы май берүүнү токтоткондо, Кыргызстанда тартыштык пайда болуп, бензиндин жогорку сапаттагы үлгүлөрүнө чектөө киргизилген. Көп өтпөй Орусиянын башка шаарларынан бензин келип, бул чектөөлөр алынган болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG