Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Түндүк Кореянын лидери Орусияга келди


Бул маалыматты бүгүн Кремлдин басма сөз кызматы ырастады. Анын алдында Түштүк Кореянын маалымат каражаттары Ким Чен Ирдин брондолгон поезди орус чек арасын кесип өткөнүн билдиришкен эле.

Иш сапары учурунда Ким Чен Ирдин президент Дмитрий Медведев менен жолугушуусу белгиленген. Мурдараак бул жолугушуу Бурятиянын борбору Улан-Удэде өтөрү айтылган.

Азыркы сапар – Түндүк Корея лидеринин Орусияга 2002-жылдан бери алгачкы ирет келиши жана өлкөсү азык-түлүк тартыштыгын сезип жаткан учурга туш келди.

Өткөн аптада Пхеньян орус президенти Медведев Ким Чен Ирге кайрылуу жөнөтүп өз ара мамилеси жакшы эмес эки корей өлкөсү менен Орусия ортосунда энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуш кылганын билдирген.

Орусия – Түндүк Кореяны өзөктүк программасынан баш тарттырууну максат кылган алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу. Токтоп калган ал сүйлөшүү азыр жандана албай турат.

XS
SM
MD
LG