Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Сириядагы кан төгүү уланууда


Оппозиция активисттеринин айтымында, президент Башар Ассаддын коопсуздук күчтөрү бери дегенде дагы отуздай адамды мерт кылган. Сирия бийлигинин аскерий жана полиция операциялары токтоду деген ырастоосуна карабай, адам өмүрүн кыйган кыянатчылыктар кечээ түштүктөгү Дераа провинциясында, Хомс шаарында жана башка жерлерде орун алды.

Мындан бир күн алдыда АКШ менен Евробиримдик президент Башар Ассадды кызматтан чегинүүгө биринчи ирет ачык чакырышкан болчу. Ага катар АКШ да, Евробиримдик да режимди бутага алган санкцияларды киргизишти. Бирок, маалыматтарга караганда, Сириядагы кырдаалга байланыштуу кандайдыр бир эл аралык аскерий аракет каралган жок. Элдик толкундоо башталган беш айдан бери Сирияда, укук коргоочулар менен БУУдагы дипломаттардын эсебинде, 2000дей адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG