Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

21-августта айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 21-августта Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34, Баткен аймагында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус, күндүз 7…12 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 33…35 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG