Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Сириянын күчтөрү Хомс шаарын пулемёттон аткылашты


Бул тууралуу оппозиция активисттери билдиришти. Алардын айтымында, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Хомс шаарынын калк жашаган аймактары пулемёттон президент Башар Ассадын режимине каршы жаңы нааразылык акциясы маалында аткыланган. Тургундардын айтымында, шаардын үстүнөн тик учактар айланып өткөн. Сириядан демонстранттарга каршы жаңы аскерий аракеттер жөнүндө маалыматтар өлкө бийликтеринин аскерий жана полиция операциялары токтоду деген убадасына карабай түшүүдө.

Бул аптада АКШ менен Евробиримдик президент Башар Ассадды кызматтан чегинүүгө биринчи ирет ачык чакырышкан болчу. Элдик толкундоо башталган беш айдан бери Сирияда, укук коргоочулар менен БУУдагы дипломаттардын эсебинде, 2000дей адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG