Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Араванда күйдүргү чыкты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Араван районунун Маңгыт айыл өкмөтүнүн 47 жаштагы тургуну Сүйөрбек Түркбаев жана 9 жаштагы Адилет Түркбаев күйдүргүгө кабылды деп шектелүүдө. Маалыматка ылайык, августтун башында Сүйөрбек Түркбаев ылаңдаган эчкисин үйүндө союп, 14 үй-бүлөгө таркатып берген. 11-августта башы ооруп, жергиликтүү дарылоо пунктуна кайрылган. Натыйжада Сүйөрбек Түркбаев жана 9 жаштагы Адилет Түркбаев күйдүргүгө шектелип, райондук ооруканага жаткырылган. Бул адамдардын анализи Ош облустук чумага каршы бөлүмүнүн лабораториясында текшерүүгө жиберилип, оорунун белгилери тастыкталды.

Эчкинин этин жеген айылдын 57 тургуну медициналык көзөмөлгө алынды. Мындан тышкары күйдүргүнүн (Сибирь кулгунасы) очогу зыянсыздандырылып, профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

18-августта Кадамжай районунун Пүлгөн айылынын 64 жаштагы тургуну да күйдүргү оорусуна кабылды деген шек менен ооруканага жаткырылган.

Кыргызстанда жыл башынан бери күйдүргү оорусуна алты адам кабылганы тастыкталган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG