Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Вьетнамда Кытайга каршы демонстрация таратылып, 15 киши камакка алынды


Өлкөнүн борбору Ханодо Кытайга каршы демилге менен өтүп жаткан иш-чара полиция тарабынан таркатылды. Бир нече өлкө, анын ичинде Вьетнам жана Кытай талашып жаткан Түштүк Кытай деңизиндеги бир катар аралдар боюнча демонстранттар Бээжиндин саясатын айыпташты.

Бул боюнча июнь айынан бери Хано шаарында 10го чукул нараазылык иш-чара өткөн. 18-августта Түштүк Кытай деңизиндеги маселе боюнча массалык иш чараларды өткөрүүгө Вьетнам расмий түрдө тыюу салган.

Human Rights Watch укук коргоо уюму бул боюнча бийликти айыптап, атуулдардын эркин жыйналуу укугу бузулганын айтып, кармалгандарды бошотуу талабын билдирди.

XS
SM
MD
LG