Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

Орусия жаранын өлтүрдү деп эки милиционер шектелүүдө


Базар-Коргондо Орусия жаранын кыйнап өлтүрдү деп айыпталган 2 милиция кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери Н.Туташев жана У.Исмаилов Жалал-Абад шаардык тергөө абагына алынып келинди. Аларга Кылмыш кодексинин адам өлтүрүү, өз ыйгарым укуктарынан аша чабуу, пара өндүрүү беренелери боюнча айып тагылууда. "Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысынын айтымында, сот кармалган милиционерлерди үй камагына чыгарды.

7-августта Базар-Коргон милициясынын кызаткерлери Орусия жараны Холмирзаевди былтыркы июнь окуяларындагы кандуу кагылыштарга катышы бар экендигин текшерүү үчүн суракка чакырган. Ошол эле күнү үйүнө кайткан Холмиразевдин саламаттыгы начарлап, аймактык бейтапканага түшүп, бир күн өтпөй каза тапкан.

9-августта райондук прокуратура Орусия жараны Усмонжон Холмирзаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон. Соттук медициналык экспертиза Холмирзаевдин төш сөөгү сынып, жүрөгү үзүлүп кеткенден улам жан бергенин аныктаган.

Эске салсак, президент Роза Отунбаева 17-августта Ошко болгон иш сапары алкагында Холмирзаевдин өлүмүн мисал кармап, тартип коргоо органдары тарабынан көрсөтүлчү кыйноолорго карата чараларды катаалдаштыруу боюнча демилге көтөргөн. (EK)

XS
SM
MD
LG