Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Обама Каддафини бийликтен кетүүгө чакырды


Бүгүн таңга маал Ливиянын борбору Триполинин көпчүлүк бөлүгүн козголоңчулар көзөмөлгө алганын кабарлашкандан кийин, АКШнын президенти Барак Обама ливиялык лидер Муаммар Каддафини бийликтен кетүүгө чакырды."Азыр Ливия ливиялыктардын колунда" экенин эскерткен америкалык президент, "дагы кан төгүүлөргө жол бербеш үчүн Каддафи бийликтен кетиши керек" деди.

Жүздөгөн демонстранттар баш калаа Триполинин борборундагы Жашыл аянтты ээлешкен болчу. Козголоңчулар лидердин эки уулун камакка алышты.

Британия Триполиде болуп жаткан окуялар Каддафинин мезгили бүтүп жатканын далилдейт деди.

Ливияны 42 жылдан бери башкарып келаткан Муаммар Каддафи менен козголоңчулардын урушу алты айдан бери уланып келаткан.

XS
SM
MD
LG