Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

Жазаны аткаруу кызматы “Апта” гезитин сотко берди


Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматы жана абактардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокуратурасы “Апта” гезитинен 1 миллион сом айып өндүрүү өтүнүчү менен Бишкектеги Ленин райондук сотуна кайрылды.

Бул тууралуу маалыматты аталган кызматтын өкүлү Эмилбек Базаркулов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, “Апта” гезити 16-июндагы санындагы “Барбюкюдан Баш прокурор ооз тийди бекен?”, 30-июндагы “Калптын казаны кайнабайт” макалалары үчүн сотко берилди. Базаркулов гезитте жарыяланган бул макалардагы маалыматтар чындыкка туура келбесин кошумчалады.

Гезиттин редактору Келдибек Назиров бул тууралуу“Азаттыкка” комментарий берип, "мындай аракет басма сөз эркиндигине карата чабуул" деп баалады. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG