Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Баш прокуратура: улуттар арасына от жакпагыла


Баш прокуратура шайлоо алдында президенттикке аттангандарга улут аралык жаңжалды козутпоого жана атаандаштары тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуудан оолак болууга чакырды.

Ошондой эле прокуратура тарабынан талапкерлерге үгүт маалында мамлекеттик түзүмгө шек келтире турган чакырыктарга, гендердик, диний, улуттук, аймактык бөлүп жарууларга жана кемсинтүүлөргө орун бербөө эскертилди. Эрежеге ылайык, талапкерлер башка өлкөлөрдүн саясатчылары менен сүрөт жана видеого түшүп, чет мамлекеттик символдорун колдонууга бөгөт коюлат.

БШКнын маалыматына ылайык, 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышам дегендер саны бүгүнкү күнгө 80ди түзөт. (EK)

XS
SM
MD
LG