Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Негизги азык-түлүк жана күйүүчү майга баа өстү


Соңку бир апта ичинде Кыргызстанда сүт, эт, күйүүчү май жана көмүрдүн баалары жогорулап кетти. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мониторингдин жыйынтыктарына ылайык, 10-августка салыштырмалуу өлкөдө таза сүт, айран, кой жана уй эти, АИ-80 үлгүсүндөгү күйүүчү май, көмүр баасы жогорулады. Учурда бир тонна көмүрдүн баасы 3304,7 сом туруп, 10-августтагы баа менен айырма 3,9% айырманы түздү.

Бир сомго чейинки чекте баасы жогорулагандарга: таза сүт (0,20 сомго), кой эти (1 сомго), АИ-80 бензини (0,10 сомго) кирди. Аталган агенттиктин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, шекер баасы тескерисинче 69,3төн 66,8 сомго чейин арзандады. (EK)

XS
SM
MD
LG