Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Жүк ташуучу шоопурлар кайра митингде


Бүгүн жүк ташуучу шоопурлар митингге чыгып, өкмөт деңгээлинде алардын укуктарын коргоп берүү талабын коюшту.

Айдоочулар оор жүк менен Кытайдан Кыргызстанга машине киргизбөө, Кытай менен чек арада эки бажы терминалын ачуу, кыргыз шоопурларына америкалык “Манас” абабекетинен Ооганстанга жөнөтүлчү жүктү тажик чек арасына чейин ташуу мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүү талаптарын коюшууда.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүнкү акцияга 200дөн ашык шоопур катышып, алар менен сүйлөшүүгө Транспорт министри Эркин Исаков, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов жана Нарын губернатору Канатбек Муратбеков келишти. Бирок сүйлөшүүлөр натыйжасыз чыгып, шоопурлар өкмөт башчынын өзүнө кирүүнү максат кылышууда.

Айдоочулар эртең да митинг уланаарын эскертишип, ага Ош, Жалал-Абад, Нарындан тилектештик билдирген шоопурлар кошулаарын эскертишүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG