Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Агенттиктер: Каддафинин уулу камалган эмес


Эл аралык кылмыш соту Муаммар Каддафини (оңдо) жана анын уулу Саиф ал-Исламды (солдо) айыптаган
Эл аралык кылмыш соту Муаммар Каддафини (оңдо) жана анын уулу Саиф ал-Исламды (солдо) айыптаган
Ливиядагы козголоңчулар баш калаа Триполинин 80% көзөмөлгө алышты. Бирок лидер Муаммар Каддафинин күчтөрү дале каршылык көрсөтүшүүдө. Бүгүн таң эртелеп шаардын айрым райондорунда атышуулар угулуп жатты. Каддафинин өзүнөн али дайын жок.

Айрым маалымат каражаттары полковниктин уулу Саиф ал-Ислам кармалбаганын, Триполиде эркин жүргөнүн кабарлап жатышат. Бүгүн таң эртелеп ал шаардагы мейманканада чет-өлкөлүк журналисттер менен сүйлөшүп, атасы аман-эсен экенин, Триполи козголоңчулардын көзөмөлүнө өтпөгөнүн айтты. Буга чейин козголоңчулар аны камашканын айтышкан болчу. Атасы менен кошо ага да "адамзатка каршы кылмыш кылды" деп айып тагып жаткан Эл аралык кылмыш соту Саиф ал-Исламдын камалганын ырастаган.

“Ал-Арабия” телеканалы козголоңчуларга шилтеме менен НАТОнун күчтөрү Каддафинин резиденциясына абадан сокку урганын кабарлады. Каддафинин аскерлери дагы бир “Скад” ракетасын учурганы кабарланууда. Бирок ал каерге түшкөнү белгисиз.

Ал арада Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун Каддафинин тарапкерлерин согушту токтотууга, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө чакырды. АКШнын президенти Барак Обама Кошмо Штаттары Ливия элин колдой турганын айтты.

"Бул – сиздердин ыңкылап. Ал сиздер үчүн өтө кымбатка турду, - деди америкалык президент. - Эми өзүңүздөр эңсеген Ливияга жетишке жакын калды. Биз оппозициянын Улуттук Өткөөл кеңеши менен иштешип, анын натыйжасын колдойбуз".

XS
SM
MD
LG