Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:23

Жети-Өгүздө сел жүрдү


Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 22-августка караган түнү Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон жана Тамга айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел жүрдү. Анын кесепетинен айдоо аянттарга, ички чарбалык көпүрөлөргө жана турак жайларга залал келтирилди. Селден улам Барскоон - Ак-Шыйрак жолунун 7- чакырымында 300 метрдей жолду суу жууп кеткен. Кырсык болгон жерде ӨКМнын жергиликтүү комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.(EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG