Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

ЕБ жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилигин жоюуну кубаттады


Евробиримдик басма сөз аркылуу жалган жалаа коюу, каралоо боюнча Кыргызстанда кылмыш жообуна тартууну караган чараны алып салууну кубаттады. Бул тууралуу биримдик 23-августта тараткан билдирүүдө айтылат. ЕБ алдыда өтө турган шайлоону эске алганда бул чара өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин абалын жакшыртып, ММК жоопкерчилигин арттырат деген үмүттө.

Кайрылууда Борбор Азияда биринчилерден болуп, каралоо боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу чарасын жоюу менен Кыргызстан ЕККУга мүчө калган өлкөлөргө мыкты үлгү көрсөтүп жатканы белгиленген. Мындай мыйзам долбоорун 16-июнда Жогорку Кеңеш экинчи жана үчүнчү окууда жактырган. (EK)

XS
SM
MD
LG