Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Экономикалык тескөө министрлиги 57 өлкө менен визасыз режимге өтүүнү сунуштады


Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. Сунушка ылайык, бир тараптуу визасыз режим 90 күнгө эсептелип, ал ИДПсы киши башына 7 миң АКШ долларга тете өлкөлөргө багытталган. Кыргызстандагы туристтик кызматтар үчүн өнүккөн өлкөлөрдөн келген туристтер жакшы акы төлөй алаары жүйөө кармалууда.

Экономикалык тескөө министрлиги мындай сунуш акыркы жыйырма жылда биринчи жолу киргизилип жаткандыгын белгилеп, буга чейин Кыргызстанга кирүү үчүн 45 өлкө менен жеңилдетилген визалык тартиби бар экендигин билдирет.

Министрликтин бул демилгесин Эркин базар институту жана Бишкек ишкерлер клубу колдоого алууда. (EK)

XS
SM
MD
LG