Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Митингге чыккан айдоочуларды өкмөт башчы кабыл алат


Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче кечээ митингге чыккан айдоочулар бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин кабылдоосунда болоору күтүлүүдө. 22-августта жүк ташуучу шоопурлар Бишкекте митингге чыгып, өкмөт деңгээлинде алардын укуктарын коргоп берүү талабын коюшкан.

Айдоочулар оор жүк менен Кытайдан Кыргызстанга унаа киргизбөө, Кытай менен чек арада эки бажы терминалын ачуу, кыргыз шоопурларына америкалык “Манас” абабекетинен Ооганстанга жөнөтүлчү жүктү тажик чек арасына чейин ташуу мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүү талаптарын коюшууда.

Шабданалиев айдоочулар талаптары аткарылбаса Бишкек-Торугарт жана Бишкек-Эркеч-Там жол каттамдарын жабуу ниетинде экенин кошумчалады. (EK)

XS
SM
MD
LG