Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Мурас-Ордо конушун таза суу менен камсыздоого убада берилди


Бишкектин вице-мэри Төрөбек Имашев Мурас-Ордо жаңы конушунун тургундарын үч күндүн ичинде таза суу менен камсыз кылуу убадасын берди. Бүгүн бул конуштун 60 чакты тургуну бир нече саатка Бишкектин түндүк аймагындагы унаа жолун бөгөп, конушка электр энергиясын, суу киргизүү талаптарын койгон эле. Мэрия өкүлү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин митингчилер тарап кетти.

Буга чейин ушундай эле талаптар менен митингге Ак-Жар, Ак-Ордо конуштарынын тургундары да чыгышкан. (EK)

XS
SM
MD
LG