Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

Ливияда козголоңчулар Каддафинин резиденциясына чабуул коюп жатканын билдирүүдө


Козголоңчулар борбор Триполинин Баб ал-Азизия комплексинен башка аймактарынын дээрлик баарын көзөмөлдөп жатканын ырастоодо. Айрымдардын болжолунда, Муаммар Каддафи аталган комплексте жашырынууда.

Өкмөттүк күчтөрдүн козголоңчуларды артка сүрүп жатабыз деген билдирүүлөрүнө карабай НАТО бүгүн Ливия борборунун басымдуу бөлүгү козголоңчулардын колунда экендигин ырастады. Түндүк антлантикалык альянстын басма сөз катчысы Роланд Лавуа мындай дейт:

-Каддафинин режими борборго көзөмөлдү жоготту. Бирок ал жерде али атып жатышат, али уруш жүрүүдө. Каддафинин күчтөрү каршылык көргөзүп жаткан райондор бар, албетте биринчи кезекте анын резиденциясынын айланасында. Оюн али бүтө элек. Анткен менен окуялардын жыйынтыгы менимче суроо жаратпайт.

Бул аралыкта Муаммар Каддафинин кечээ козголоңчулар колго түшүргөнү маалымдалган уулу Саиф ал-Ислам бүгүн эркиндикте экендиги анык болду. Ал Триполиде чет элдик журналисттер токтогон мейманканадан көрүнүп, кармалганы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG