Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Тажыматов: Авторитардык бийлик баары бир кулаары далилденди


Ливияда азыр борбор Триполиде үстөмдүк кылып жаткан козголоңчулардын бийлиги биротоло орноп, Муаммар Каддафи оппозиция жана Батыш өлкөлөрү жарыялагандай "доору бүткөнүн" моюнга алса, араб дүйнөсүнүн үчүнчү лидери элдик толкундоонун жана кан төгүүнүн натыйжасында бийликтен кеткен болот.

Саясат таануучу Санжар Тажыматов араб дүйнөсүндөгү ыңкылаптардын түпкү себебин талдап, “Азаттык” менен ой бөлүштү.

Санжар Тажыматов: Ливияда, Египетте, Тунисте болуп жаткан окуяларды мыйзам ченемдүү деп ойлойм. Себеби мамлекет башкарууда сөзсүз түрдө элдин ичинде дискуссия болуш керек экен. Мамлекет кайда карап өнүгөт? Жарандар катышып чечимдер кабыл алынса демократиялык өнүгүү жолун жана адамдардын чыныгы керектөөсүн канаттандырат экен. Ал эми монолог болуп жалгыз адам гана чечим кабыл алып, өз идеясын ишке ашыра турган болсо ага макул эместер көп болот экен. Монолог дегенибиз бул авторитардык режимдер, же диктаторлордун болушу. Эртели-кечпи бул сөзсүз түрдө кулай турган бийликтин формасы экенин болуп өткөн окуялар далилдеди.

Демек көптөгөн авторитардык, диктатордук режимди кармап турган мамлекеттердин башчылары дагы ушул маселенин үстүндө ойлонууга арагасыз болду. Керек болсо биздин Борбордук Азиядагы мамлекеттерде да ушул маселе жөнүндө ойлонууга аргасыз болушту. Адамдарга бакубат жакшы жашоо, экономикалык жактан өнүгүү, гүлдөп, өнүгүүдөн башка мамлекетти башкарууга дискуссияга катышуу азырак болсо, же сөз эркиндиги болбосо сөзсүз түрдө өзгөрүүлөргө алып келээри мыйзам ченемдүү көрүнүш катары далилденип калды. Күчтүү бийликтин негизинде мамлекетти башкаруу деген бүгүнкү күндө өзүн актаган жок деп айтсак болот. Демек эффективдүү бийликти уюштуруу маселеси, ал жерде граждандардын катышуусун уюштуруу маселеси бүгүнкү күндө биринчи орунга чыгып атат.

«Азаттык»: Ливияда Каддафинин режиминин күнү бүттү деп коёлу. Бирок өкүлчүлүктүү бийлик курулабы, демокартия орнойбу деген маселе талдоочулардын арасында суроо жаратууда. Кандай дейсиз, ушуга чын эле Ливия Каддафиден кутулгандан кийин кадам шилтеп кете алабы?

Санжар Тажыматов: Бул жерде көптөгөн талаш-тартыштар болушу мүмкүн, түрдүү саясий күчтөрдүн ортосунда дискуссия болот. Дискуссиянын өзүнүн болушу бул жакшы нерсе. Алгачкы мезгилдерде кыйынчылыктар сөзсүз түрдө болот. Себеби белгилүү багыттарды, саясий күчтөргө ориентир алууга убакыт керек. Бирок ошол дискуссиянын өзүнүн болушу келечек үчүн жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Себеби жалгыз адам гана чечимди кабыл алып койсо, ал жакшы ийгиликтерге алып келгени менен, көп башка адамдардын ойлору айтылбай калып атат. Өкүлчүлүк демокартиянын саясий маданияты бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде Ливияда, ошого жараша болот. Скептиктер демократия керек эмес, тополоң, митингдерди гана алып келет экен деп айтып атышат. Бирок биз процесстебиз. Дайыма адамдар эркин оюн айтып, эң негизгиси митингдердин тынчтык жолу менен кан төгүлбөй болушу эң сонун болот.

«Азаттык»: Ливиянын тегереги, алсак Жакынкы Чыгыш, Сирия деле бир нече айдан бери тынч эмес. Эгер Каддафинин режими биротоло кулаганы тастыкталса, араб дүйнөсүндө үчүнчү диктатор элдин талабы менен кулатылганы жатат. Кийин ушул эле окуялар Сирияда да кайталанышы мүмкүнбү, андан ары Иранга өтпөйбү?

Санжар Тажыматов: Сирияда кайталанышы мүмкүн. Бирок Иран маселеси өзгөчө мсаселе. Себеби ал жерде ислам революциясы болуп атат, ал жерде идеологиялык өтө күчтүү лидер - Хомейни бар. Иран салыштырмалуу өзүнүн потенциалдуу, калкынын саны жагынан өтө чоң мамлекет. Эгерде Иранда андай боло турган болсо, бул өтө чоң масштабга өтүп кетиши мүмкүн. Бирок Иранда мындай процесстердин жүрүшүнө өсүп жете элек деп ойлойм. Себеби ал жерде идеология өтө күчтүү. Араб дүйнөсүндө бул нерсе башталды. Керек болсо Сауд Аравиясында да мындай процесстер жүрүп кетиши мүмкүн. Бирок Иран дүйнөсү башка дүйнө, ал жакта да башталып кетиши мүмкүн деп айтыш кыйын.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG