Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

БУУнун адам укуктары кеңеши Сириядагы абалды талкуулады


БУУнун кеңеши Сириядагы март айында башталган массалык нараазычылык акцияларынын жүрүшүндө адам укуктарынын бузулушу боюнча эл аралык комиссия түзүп, илтиктөөгө алууга чакырды. Өлкөдөгү абалды эки күндүк талкуудан кийин кеңеш тарабынан кабыл алынган резолюцияда Сирия бийлигин тынч митингчилер менен келишүү жана эл аралык комиссия менен кызматташууга чакырган маселе камтылган.

Сирия президенти Башар Асадды кызматтан кетүүсүн талап кылган акциялар ушул жылдын март айында башталган. Нараазылык акциялары башталгандан бери өлкөдө эки миңден ашуун киши каза болгонун укук коргоочулар айтып келишет.

Сирияга каршы АКШ жана Евробиримдик санкция кабыл алышкан. Мындан мурдараак БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия бийлигин жектеп, Башар Асад коопсуздук күчтөрүнүн аскерий иш-чаралары менен тынч митингчилердин өлүмүн токтотуу убадасын аткарбаганын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG