Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Аламүдүндөгү жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 22-августта Аламүдүн районунда жүргүнчү ташыган кичи автобус кырсыкка учурап, анын натыйжасында төрт адам каза болуп, 9 адам оор жаракат алды. Каза болгондордун арасында үч жашар бала бар. Маалыматка ылайык, микроавтобус унаа жолдун чекесинде токтоп турган жүк унааны сүзүп алган. Жаракат алгандар жакынкы ооруканаларга жеткирилди.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2011-жылдын алты айында 1927 жол кырсыгы катталган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 50гө көптүк кылат. Быйыл жыл башынан бери жол кырсыктарынан 379 адам каза болуп, 2634 адам жаракат алган. Жол кырсыктарынын 47 пайызы түнкү мезгилге туура келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG