Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

ӨКМнын коомдук кабылдамасы Нарынга көчөт


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрликтин “Көчмө коомдук кабылдамасынын” мындан аркы жумушу Нарын облусунда 7-сентябрда улантат. Андыктан жарандар азыртадан эле ӨКМнын райондук бөлүмдөрүнө кайрылып, арыздарын калтырса болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Көчмө коомдук кабылдамасы” министрдин буйругу менен калктын көйгөйлөрүн жеринде көрүп, аларды жоюу боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу максатында уюшулган. Аталган кабылдама буга чейин Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында уюштурулуп, миңдеген адамдардын арыз, даттанууларын кабыл алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG