Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

“Айкөл Ала-Тоо” Түлеевдин талапкерлигине каршы


Бүгүн былтыркы 7-апрель окуяларында жаракат алгандардан түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүп, Нариман Түлеевдин талапкерлигине каршы пикирлерин билдирип чыгышты. “Айкөл Ала-Тоонун” төрагасы Кошой Абдыбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, алар мурдагы бийлик тушунда иштеген адамдын “7-апрель жаштар кыймылы” саясий партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнүнө нааразы болушууда.

Буга карата Нариман Түлеев “Азаттыкка” пикирин билдирип, “Айкөл Ала-Тоонун” артында башка күчтөр туруп, алардын кайсы бир кызыкчылыктары бар экенин ачыктады. Ошондой эле “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин “7-апрель жаштар кыймылы” партиясына тиешеси жоктугун белгиледи.

Мурдагы бийликтин тушунда Бишкек мэри болуп иштеп келип, былтыркы күздөгү парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Ата-Журт” партиясынан шайланган Нариман Түлеевди “7-апрель жаштар кыймылы” партиясы 14-августта президенттикке талапкер катары көрсөткөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG