Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

2008-жылы кулаган учак маселеси кайра көтөрүлдү


2008-жылы учак кулап түшкөндө кызынан айрылган Шайымбүбү Акматова бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, учактын кулашына күнөөлүүлөр дале эркиндикте жүргөнүн жар салды. Маалыматка ылайык, кырсыкка учураган «Боинг-737» учагынын эки учкучу 2009-жылы беш жылга эркинен ажыратылган. Шайымбүбү Акматова эки учкуч тең камакка алынганына карабастан, азыр эркиндикке жүргөнүн сынга алып, кулаган учак боюнча эч ким жаза албаганын “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми Жогорку Соттун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, «Боинг-737» учагынын кулашы боюнча учактын командири Юрий Гончаров 5 жыл эки айга, ал эми дагы бир учкучу Тимофей Водолагин 5 жылга колония-поселенияга которулган. Учактын кулап түшүшүнө учкучтардын күнөөсү жоктугун алардын жактоочулары белгилеп келишет. Мындан улам жактоочулар ушул жылдын 16-февралында учкучтарды камакка алган соттун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы Гончаров менен Водолагин былтыркы апрель окуяларынан кийинки Убактылуу өкмөттүн мунапыс тууралуу декретине туура келип, эркиндикке чыгышканын “Азаттыкка” билдирди.

2008-жылдын 24-августунда Бишкек четиндеги Жаңы-Жер айылында, Бишкектен Тегеранга сапар алган «Боинг-737» учагы кулап түшкөн. Натыйжада 65 адам каза болгон эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG