Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

25-августта айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 25-августта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37, Талас облусунда түнкүсүн 14…17, күндүз 29…34, Баткен аймагында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -1…+4 градус, күндүз 12…17 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 28…30 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 22 градусту түзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG