Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:50

Прокурор жардамчысы “пара алды” деп шектелүүдө


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Балыкчы шаардык прокурорунун У.Д. аттуу жардамчысына карата “акча өндүргөн” деген кине менен кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, 23-августта бул адам ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын айрым кызматкерлери менен бирге бир жарандан төрт миң сом акча алып жатканда кармалган. Алар акча алуу менен кылмыш ишин ылайыктуу кылып чечип берүү убадасын беришкен.

Күнөө коюлуп жаткан кызматкерлер жана Балыкчы прокуратурасы бул боюнча расмий комментарий бере элек.

Башкы прокуратура кылмыш иши боюнча иликтөөсүн улантууда. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG