Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

Орусиянын орбитага учурулган жүк ташуучу космостук кемеси асманда күйүп кетти


Анын калдыктары Сибирге түшкөнү айтылууда. “Роскосмос” агенттиги билдиргендей, Эл аралык космос станциясына шаршембиде “Байконур” космодромунан учурулган кеме белгиленген чегине жетпеди. Бул “Прогресс” деп аталган кеменин 30 жылдан берки алгачкы ийгиликсиз сапары болуп калды. Ал Эл аралык станцияга 3,5 тоннадан ашык жүк алып бараткан. Анын ичинде суу, тамак-аш азыктары жана кычкылтек бар болчу. АКШнын NASA космостук агенттигинин Эл аралык космос станциясы боюнча программасынын менеджери Майкл Саффредининин ишениминде, бул кырсык станциянын ишине терс таасир этпейт.

"Эл аралык космос агенттиги бул кеме алып бараткан жүксүз деле иштей алат, - деди Саффредини. -Чынында, зарыл болсо, станция эч кандай кошумча жүксүз эле бир нече ай иштегенге кудурети жетет".

Жакында АКШ өзүнүн космостук программасынын ишин токтоткондон бери орбитадагы Эл аралык космос станциясына Орусиянын кемелери гана жүк ташый алат.

XS
SM
MD
LG