Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

Сербиялык министр Евробиримдикке мүчөлүк алыш үчүн коюлган талапты “кабыл алгыс” деп атады


Косовонун түндүгүндө серб азчылыгы жашайт. Ал жерде Сербиянын да мамлекеттик институттары иштейт. Шейшембиде Сербияда болгон немис канцлери Ангела Меркел: “Эгерде Белград быйыл Евробиримдикке мүчөлүк алам десе, анда Приштина менен мамилени оңдоп, Косовонун түндүгүндөгү өзүнүн мамлекеттик структураларын жоюшу керек”, - деген эле.

Кечээ болсо Сербиянын Косово боюнча министри Горан Богданович “Beta” маалымат агенттигине сүйлөп жатып, бул талапты “аткарылгыс” деп атады. “Евробиримдикке мүчөлүк алууга тоскоол болгон күндө да, Сербия Косоводогу бөлүгүнөн баш тартпайт. Бул талапты аткаруу биз үчүн Косовону биздин өлкөнүн бир бөлүгү деп кароодон баш тартууга барабар – бул бизге туура келбейт”: - деди министр.

Косово 2008-жылы өз алдынча эгемендик жарыялаган, бирок аны Сербия тааныбай, Косовонун түндүгүндө өзүнүн мектептерин, почталарын, муниципиалдык администрациясын иштетип келатат.

XS
SM
MD
LG