Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

"Прогресс" кору: шайлоо акыйкат өтcүн


"Прогресс" кору келе жаткан президенттик шайлоодо мурдагыдай эле административдик ресурс колдонулат деп тынчсызданат. Буга негиз катары алар президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга кайрылгандардын бири - өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин ишин өткөрүп бербегенин белгилешүүдө. Ушундан улам шайлоочуларга жана шайлоо комиссияларына ар кандай административдик кысым жасалуусунун алдын алуу үчүн бирдиктүү мониторинг борборун түзүү зарыл деп эсептейт. Бул борборду президенттик шайлоого катышып жаткан башка талапкерлер, жарандык коом жана саясий партиялар түзө алат деп айтылат, кор тараткан билдирүүдө.

Быйыл күзүндө өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин 83 адам билдирип, алардын ичинен үчөө арызын кайрып алышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо акыйкат өтөрүн жарыялап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG