Анда жарандык авиацияга жүргүнчүлөрдү аба аркылуу ташууну коопсуз башкаруу системасын киргизүү, учуунун коопсуздугу боюнча атайын программа кабыл алуу, учууну уюштуруу жана көзөмөл жүргүзүүдө жаңы, заманбап технологияларды иштетүү, учактардын учууга жарактуулугун камсыздоо тууралуу маселелер каралат. Жыйынга Эл аралык жарандык авиация уюму, Еврокомиссиядан өкүлдөр, Орусиянын, Украинанын, Түркмөнстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын авиация башкармалыгынын жетекчилери катышат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашты.
Кыргызстандын жүргүнчүлөрдү ташыган учактары эл аралык талаптарга жооп бере албайт деген негиз менен мурунку жылдары Евробиримдик өлкөлөрүнө учуп кирүүсүнө тыюу салынган.(ZKo)
Кыргызстандын жүргүнчүлөрдү ташыган учактары эл аралык талаптарга жооп бере албайт деген негиз менен мурунку жылдары Евробиримдик өлкөлөрүнө учуп кирүүсүнө тыюу салынган.(ZKo)