Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:00

УКМК: Иманкулов кайсы-бир күчтөрдүн “долбооруна” айланган


УКМКнын биринчи орун басарлык кызматынан кетип, президенттикке аттанган Марат Иманкуловдун билдирүүсүнө жооп ирээтинде бул мекеменин маалымат кызматы бүгүн атайын билдирүү таратты.

Анда Марат Иманкуловдун 24-августтагы маалымат жыйынында айткан сөздөрү Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде нараазычылыктарды жаратканын жана анын айткан айыптоолору четке кагыла тургандыгы билдирилген.

УКМКнын билдирүүсүнө караганда, 2010-жылы 7-апрелдеги революциядан соң Москвада КМШнын антитеррористтик борборунда иштеп жаткан Марат Иманкулов биринчилерден болуп бул революцияны колдогонун билдирип кат жазган. Ушул каттан соң аны чыныгы патриот катары өлкө жетекчилиги Коопсуздук кеңешинин катчысы, андан УКМКнын биринчи орун басарлыгына дайындаган.

“Иманкуловдун бүгүнкү кадамдары жана билдирүүлөрү УКМКнын кызматкерлери арасында нааразычылыкты жаратып, мындай кадамдар аскердик достук менен мундирдин кадыр-баркына дал келбей турганын билдирип жатат, өлкөгө президенттиктен башка кызматта деле пайда алып келсе болот эле” – деп жазылат билдирүүдө. УКМК Марат Иманкулов кайсы бир күчтөрдүн “долбооруна” айланганын айтууда.

Кечээ, 24-августта Иманкулов бийликтин жана УКМК жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясатка макул эместигин билдирип, УКМКнын биринчи орун басарлык кызматынан чегингени тууралуу билдирүү жасаган эле. (EK)

XS
SM
MD
LG