Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

Ош: мугалимдер мектепке кайтууда


Маяна көбөйгөнү Ошто мугалимдердин жетишсиздиги кескин азайды.
Маяна көбөйгөнү Ошто мугалимдердин жетишсиздиги кескин азайды.

Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндөн кийин Ошто педагогдордун тартыштыгы кескин азайды. Облус мектептерине өткөн жылы болгону 27 жаш мугалим жумушка орношкон болсо, быйылкы окуу жылында алардын саны 179га жетти.

Маянанын жогорулашы менен буга чейин жумуштан чыгып кеткен педагогдор да кайтып келүүдө. Эми кадрдык кризис оң чечилгенден кийин билим берүүнүн сапаты артаар бекен?


Айлык көбөйдү, билим сапаты жакшырабы?


Өткөн окуу жылында Ош облусунун мектептеринде 600гө жакын мугалим жетишсиз болуп келсе, быйыл бул сан дээрлик тең жарымга кыскарды. Облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жетекчиси Кубанычбек Ормонов белгилегендей, буга айлык акынын көтөрүлгөндүгү башкы себеп болду:

- Облус боюнча 580 мугалим жетишсиз болчу. Былтыр болгону 27 гана жаш мугалим жумушка келген. Быйыл болсо 179 мугалимди ишке алып атабыз. Мамлекетибиз, өкмөтүбүз мугалимдерге жакшы көңүл бура баштаганына байланыштуу, айлык акылардын жогорулагандыгына байланыштуу дагы да көп келүүсү күтүлүүдө.

Ормоновдун айтымында, билим берүү мекемелерине жаш мугалимдерди тартууда өзгөчө аракеттер болууда. «Жаш мугалим» депозитинин алкагында облуста 675 мугалимге айлыгына кошумча 300 сомдук жөлөк пул жана атайын жер тилкелери да берилгени турат:

- Айыл жерлеринде өзгөчө, тоолуу райондордун айылдарында бул маселе жакшылап колго алынганы турат. Район жетекчилери, жергиликтүү бийликтер жер тилкелерин, жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп беришет.

Маянанын жогорулашы менен буга чейин жумуштан чыгып кеткен педагогдор да кайтып келип жатканын айтылууда. «Ал эмес иштеп аткан мугалимдерге да чоң жоопкерчилик артылды» дейт Кара-Суу районунун Кызыл-Кыргызстан орто мектебинин директору Маркаш Карыбаев:

- Айлыктардын көтөрүлүшү билим берүүнүн сапатынын арттырууга да салым кошот деп атабыз. Мугалимдердин эң мыктыларын конкурс менен ала алабыз. Мугалимдердин айлыгын көтөрүп гана тим болбостон, алардын жоопкерчилигин да көтөрүшүбүз керек. Талапты да ошончолук деңгээлде коюшубуз керек. Окуучулар менен педагогдордун байланышын күчөтүүгө тура келет. Демек, кыла турган иштер дагы да өтө көп.

Жаш мугалим Наргүл Насированын айтымында, учурда жаштар арасында мугалимдикке болгон кызыгуулар артууда. Ал Ноокат районундагы Крупская атындагы орто мектебине жаңыдан жумушка кирди. «Алган акча өзүңө жетип турса, чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк болот» дейт Наргүл:

- Айлык маяналар көбөйгөн үчүн мугалимдерде ишке болгон кызыгуу пайда болуп, окуучуларды чын дилинен окутууга аракеттене башташты. Мен негизи эле бул кесипти жашы көрөм. Кудай жалгап минтип айлык акы да көп болуп калды. Азыр 8-10 миң сом аласың деп айтып атышат. Мага бул айлык кеңири эле жетет.


Маселе маянада эле эмес


Ал ортодо серепчилер маянаны көтөрүү менен мугалимдердин билим деңгээлине да көңүл буруну эскертүүдө. Жергиликтүү байкоочу Айбек Жолдошев айлыкты көтөрүү менен эле маселе чечилбестигин айтат:

- Ошол айлыкты көтөрүү менен эле маселелердин баары чечилип калды дегенге мен макул эмесмин. Ишке кирип жаткан мугалимдин билим деңгээли кандай, жакшы окуп эле келгендер ишке алынып атабы? Же сырттан окуп эле анан, бир койду жетелеп келип тааныш-билиштик менен жумушка орношуп алып аткан жокпу? Андай болгондо ал окуткан балдардын билим деңгээли кандай болот? Мына ушул нерселер да каралышы керек.

Серепчи белгилегендей, маселе муну менен эле бүтүп калбайт. Облус мектептери окуу китептер менен болгону 37 пайыз гана камсыз болгон. Бул маселе Ошто өткөн билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмесинде да айтылып, бирок чечилбеген бойдон калды. Маалым болгондой, Ош облусу боюнча жалпысы 528 мектеп жана 179 мектепке чейинки даярдоо мекемелери бар. Аларда 20 миңге жакын мугалим эмгектенет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG