Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Сирияда президентти сындаган карикатуристти сабат кетишти


Адам укугун коргоочу активисттердин айтымында, арап дүйнөсүнө аты кеңири таанымал сириялык крикатурист Али Ферзатты Дамаскта белгисиз бирөөлөр катуу сабап салышкан. Азыр ал ооруканада жатат. Бир нече күн мурда ал Сириянын президенти Башар ал-Ассадды Ливиянын бийликтен кулатылган лидери Муаммад Каддафиге окшоштуруп тарткан болчу. Анын сабалышын АКШнын Мамдепартамент айыптады. Активисттердин айтымында, өлкөдө быйыл мартта өкмөткө каршы массалык нааразылык башталгандан бери президент Ассаддын күч структуралары 2000 ашуун адамды өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG